• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарына кайрылуу жасады

6 Үчтүн айы 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын аймагында болуп жаткан окуяларга байланыштуу аталган өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылуу жасады. Аталган мамлекеттин мыйзамдарын так сактоого, чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактарга катышпоого, адамдар көп топтолгон жерлерге барбастан, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырды.

ТИМ кабарлагандай, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы консулдугу менен биргеликте коңшу өлкөдөгү абалга көз салып, кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышта.

Учурда кыргыз-казак өткөрмө бекеттери штаттык негизде иштеп, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар чек арадан тоскоолдуксуз өтө алышат. Жарандар укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Казакстандагы бардык дипломатиялык мекемелерине кайрылса болот.

Количество просмотров: 80