• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ТИМ: “Крокустагы” кол салууда жабыркагандардын тизмесинде кыргыз жарандары жок

28 Жалган куран 2024 17:01 Бишкек Govori.TV

“Крокус сити холл” концерттик залында болгон теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде 28-мартка карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Красногорск шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн жашы жете элек россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

«“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 129