Украинада учурдагы кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украинада жүргөн мекендештерибизге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, ал эми Украинага барууну пландаштырган мекендештерибизден жолго чыкпоону өтүнөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, элчилик Украинанын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.
Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти