• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ТИМ кызматкери каза болду. Ал Кытайдын SinoPfarm вакцинасын алганбы?

2 Чын куран 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

«Бахтияр Шакиров Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын системасында өз эмгек ишмердүүлүгүн КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде баштаган, ошондой эле ТИМдин Эл аралык укук департаментинде жана Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде иштеген. Ал кесиптештеринин эсинде эмгекчил, адамга ар дайым жардам берүүгө даяр жана ак ниет адам катары калат. Анын жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун, анын өлүмүн Саламаттыкты сактоо министрилиги кылдат изилдөөсү керек экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, дарыгерлер бул фактыны эске алып, эмдөөдөн өтө турган жарандарды кылдат текшерүүдөн өткөрүшү керек.

«39 жаштагы маркумдун жакындары 2-апрелде эртең менен менин телефонума чалып, ал бир күн мурун COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, биринчилерден болуп «SinoPfarm» вакцинасын алганын айтышты. Менин оюмча Саламаттыкты сактоо министрлиги объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө отчет бериши керек», — деп жазган Баялинова.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган жок.

«Азыр биз ар бир эмделген адамдын атын билебиз. Алардын бардыгы медицина кызматкерлери. Азырынча башка мекемелердин кызматкерлерине эмдөө жасай элекпиз», — деди министр «Биринчи радионун» эфиринде суроолорго жооп берип жатып.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина сайдыргандан кийин көз жумду деген маалымат иликтенип жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 939