• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ТИМ Министри Жээнбек Кулубаев АКШ Мамкатчысы Энтони Блинкен жана Борбор Азиялык кесиптештери менен жолугушту

28 Аяк оона 202417:24 Бишкек Govori.TV

Министр Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн С5+1 (Борбордук Азия + АКШ) министрлер жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда тараптар Борбордук Азияда тынчтыкты сактоонун концепциясын ишке ашыруу, коопсуздукту камсыздоо боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөөнүн жалпы кадамдары талкууланды.

Министр Ж. Кулубаев өз сөзүндө чек аралардагы киберкоопсуздук, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, АКШ колдогон «Айкөл» аталган гуманитардык иштин ийгиликтүү ишке ашырылганы тууралуу кошумчалады. Бул иштин аркасы менен Сириядагы согуштук аймактардан Кыргызстандын жарандары репатриация болгон.

Министр ошондой эле Борбордук Азия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда соода жана инвестициялык кызматташууну кеңейтип, жаңы транспорт коридорлорун ачуу боюнча пикирин билдирди.

Жолугушуу аягында Ж. Кулубаев ушундай форматтагы келерки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Количество просмотров: 102