• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси менен болгон окуя тууралуу үн катты

15 Бугу 2019 13:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тышкы саясат боюнча жооптуу мекеме, акыркы жылдары мамлекет башчыларынын аракети менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданып, сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын белгилейт.

«2019-жылдын 8-майында «Дасмия» ресторандык комплексинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңиз Кемал Фыраттын катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», — дейт ТИМ.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Ал муфтиятты 35 миллион долларга мечит салып бергенине карабай, террористтерди конокко чакыргандыгына айыптаган.


Количество просмотров: 20