• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ТИМ: Новосибирсктеги жарандар азырынча алынып келинбейт

13 Чын куран 2020 11:31 Бишкек Govori.TV

Новосибирскиден Бишкекке учак күткөн кыргызстандыктардын келиши белгисиз мөөнөткө калды. Буга байланыштуу Кыргызстандын Новосибирстеги Башкы консулдугу билдирүү жасады.

Башкы консулдуктан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 132 кишинин жатаканасын ЭМУнун Кыргызстандагы миссиясы төлөп берсе, тамак-ашын кыргыз диаспорасы уюштурат. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан 4 жаран кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган «Андар» жеке медициналык борбордон дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн

«Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облусундагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте Новосибирск шаарындагы мейманканаларда Кыргызстанга кетүүнү күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүп – алардын жатаканасы жана тамак-ашы Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясы тарабынан төлөнгөн, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушуу учурунда башкы консул К. Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада Кыргызстанга аба каттамдар болбой тургандыгын кабарлады. Андан сырткары жатакана жана тамак аш маселесин каржылоо, жумушка жайгаштыруу, миграциялык каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча суроолорго жооп берди», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 143