• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ТИМ Новосибирсктеги жарылуудан кыргызстандык аял каза болгонун кабарлады

27 Бирдин айы 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

9-февралда Орусиянын Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан жаракат алган кыргызстандык аял набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, газ жарылган учурда анын омурткасы сынган. Ага Новосибирскидеги Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалган. 21-февралда Бердск шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. 24-февраль күнү ал Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көп өтпөй каза болгон.

ТИМ Башкы консулдук кыргыз диаспорасы менен биргеликте маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам көрсөткөнүн белгиледи.

Маркумдун сөөгүн жакындары Ош шаарына алып кетишти.

9-февралда беш кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, үйдүн эки подьезди кыйраган. 15 адам набыт болуп, 30 батир жабыркаган.

Количество просмотров: 103