КР Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн төмөнкүлөргө бурат.
Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, ушул жылдын октябрь айына карата Кыргыз Республикасынын 71 949 жараны Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен («тобокелдик зонада») жүрөт. Жарандардын бул категориясына Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө ж.б. жөнүндө маалымат жок адамдар кирет.
Эгерде алардын Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу болгондугун (жүргөндүгүн) тастыктаган жарактуу документтери болсо, жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип «тобокелдик зонасынан» өзүн алып салуу үчүн мындай документтерди бериши керек.
Россия Федерациясында «тобокелдик зонасында» турган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жакын арада https://migrant.kg порталына жайгаштырылат. Жарандар бул тизмеден өздөрүн өз алдынча текшерип, Россия Федерациясынын аймагында өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн алдын ала зарыл чараларды көрө алышат.
Министрлик мурда маалымдагандай, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Россия Федерациясында «Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Россиянын аймагында мыйзамдуу негиздери жок жүргөн жана өлкөдөн чыкпаган же Россия Федерациясында болуу (жашоо) үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилет жана аларга карата чыгаруу режими колдонулат.