2024-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү саат 02:20 чамасында Россиянын Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада КР жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, «Toyota Sienna» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, ичинде 8 кыргыз жараны менен башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы Т.У. ошол жерден каза болгон. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы орточо оордукта деп бааланууда.
КР Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө, ошондой эле жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.