Гонконгдо билим алып жаткан кыргыз 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кетишти. Калгандары болсо, жакынкы күндөрдө аталган аймактан чыгып кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, ТИМдин тапшырмасы менен Кытайдагы элчилик менен Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук ал жактагы мекендештерибизге керек болгон бардык жардамды берип, ал жактагы кыргызстандыктар коопсуз жайга которулган.
“Башкы консул учурда Гонконгго учуп кетти жана элчилик туристтик компаниялар менен билетти бөлүп төлөө маселесин макулдашты”, — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Ошол эле кезде башкы дипломатиялык мекеме студенттерди тополоңго аралашпоого, өтө зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырган.
Эгерде ал жактагы студенттердин окуусуна, жагдайына байланыштуу зарыл маселе болсо ушул номерлерге кайрылса болот:
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги:
Тел.: +8610-64681348
Моб.: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat)
+8613260203680
+8613581902801
Гуанчжоу шаарындагы консулдук:
Моб.:+8613925051627;
+8618666093015.