• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ТИМ: Судандан алты кыргызстандык эвакуацияланды

3 Бугу 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Судандан алты кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ТИМдин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Орусиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алты кыргыз жараны 2-майда Судандан Москвага жеткирилген. 3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди.

Судандын баш калаасы Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген «Ыкчам колдоо күчтөрү» тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда.

Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, беш миңге жакын адам жаракат алганы кабарланууда.

Количество просмотров: 42