• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

ТИМ: Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркаган кыргызстандыктар жок

4 Чын куран 2024 13:19 Бишкек Govori.TV

Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, жер титирөө болгон жерден 18 чакырым аралыктагы Хуалян шаарында 12 кыргызстандык жашайт, алар жер титирөөдөн жабыркаган эмес.

Эске салсак, Тайванда 3-апрелде эртең менен магнитудасы 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Баштапкы маалымат боюнча, кеминде тогуз адам каза тапты, 900дөн ашуун адам жараат алды.

Количество просмотров: 69