• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тимошенко саясий куугунтук үчүн 5,5 млн доллар компенсация алды

5 Бугу 2020 12:32 Бишкек Govori.TV

Украин саясатчысы, «Батькивщина» партиясынын жана фракциясынын лидери Юлия Тимошенко саясий куугунтуктан тарткан чыгымдары үчүн компенсация алып, миллионер болду.

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча улуттук агенттиктин сайтындагы декларацияга ылайык, 24-апрелде Тимошенкого 148 миллион гривен (5,5 миллион доллар) өлчөмүндө киреше түшкөн. Кирешенин булагы “2011-2014-жылдардагы саясий репрессиядан тарткан зыяндын компенсациясы” экени көрсөтүлгөн. Саясатчы каражатка сотко чейинки териштирүү баскычында ээ болгон. Акчаны АКШнын Техас штатында катталган Reid, Collins, Tsai LPP компаниясы которгон.

Юлия Тимошенко 2011-жылы президент Виктор Януковичтин тушунда Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматын кыянат пайдаланууга айыпталып, жети жылга абакка кесилген. Мындан тышкары «Нафтогазга» бир жарым миллиард гривен төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал 2014-жылы өкмөткө каршы нааразылыктардан кийин бошотулган.

АКШ жана Евробиримдик Тимошенко саясий куугунтукка кабылганын билдирген. 2013-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту кылмыш ишин кароодо мыйзам бузууларга жол берилгени жөнүндө токтом чыгарган.

Количество просмотров: 97