• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев Кумтөргө байланыштуу тергелип жаткан кылмыш ишинде саясий себеп жок деп эсептейт

2 Кулжа 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөргө байланыштуу тергелип жаткан кылмыш ишинде саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 2-июнда Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Эч кандай саясий куугунтук жок, жердешчилик маселеси жок. Ошол окуяга кимдин тиешеси болсо кылган кылмышына жараша жазага тартууга милдеттүүбүз. Биз ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Кумтөр алтын кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, анын тегерегинде интрига уюштурушуп, биздин аткаминерлер жетеленме болуп калганын элибиз көрдү. Эми мындан ары андай болбойт”, — деди ал.

Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун ар кыл этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип, мекеме аралык топ шектүүлөрдү аныктоо ишин жүргүзүп жатканын УКМК 31-майда билдирген. Ошондон бери бир катар мурдагы жана азыркы депутаттар, жетекчилер камакка алынууда.

Кармалгандардын тарапкерлери алардын күнөөсү жоктугун айтып, саясий куугунтук жүрүп жатканын белгилеп, нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 209