• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Саясый туткундардын» тагдыры кандай болот?

13 Жетинин айы 2018 19:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.11.2018.Govori.TV.
Акыркы жылдарда саясый туткундардын саны арбын. Бирок, алардын айрымдарына жалган жалаа жабылып камакка алынгандыгы коомчулукта талкуу жаратып келет. Буга байланыштуу “Укук мектеби” коомдук бирикмеси тарабынан куугунтук алган саясатчылардын келечеги тууралуу тегерек стол болуп өттү.
“Укук мектеби” коомдук бирикменин төрайымы Клара Сооронкулова камакта олтурган саясатчылар толугу менен акталуусу керектингин белгилөө менен  учурдагы бийлик тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай жатканын айтты.
Ал эми саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өлкөдөгү болуп жаткан бул көрүнүштөрдүн баарын жакында боло турган курултайда кароо жана кеңешип бир чечимге келүү керектигин кошумчалады.
Мындай абалда саясаттын туткуну болгон саясатчылардын келечеги кандай болот деген суроо жаралат. Атамбаев өлкө башчы болгон 6 жыл жана Сооронбай Жээнбеков кызматка келгендеги 1 жыл аралыкта бир канча саясатчылар ар түрдүү күнөөлөр менен камакка алынып, саясий куугунтук алышкан.
Алмазбек Атамбаевдин убагында:
Өмүрбек Текебаев — “коррупция” жана “алдамчылык” беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган
Дүйшөнкүл Чотонов — “коррупция” жана “алдамчылык” беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган
Садыр Жапаров — “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен 11 жылга 6 айга каматты эркинен ажыратылган
Канат Исаев — 7-8 жыл мурдагы кызмат абалынан пайдаланган кылмыштык аракеттери үчүн 12 жылга эркинен ажыратылган, бирок учурда акталып кызматына кайтып келген.
«Элдик парламенттин» өкүлдөрү «бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган» деген айып менен камакка алынган. Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга соттолгон. Ал эми Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовго 2 жыл шарттуу түрдө жаза мөөнөтү чегерилген. Алар «президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кетиши керек» деп чыгышкан эле
Сооронбай Жээнбековдун учурунда:
Сапар Исаков — “коррупция” беренеси менен камакка алынган
Жантөрө Сатыбалдиев – “кылмышка катышуу” жана “коррупция” беренелери менен иш козголгон
Албек Ибраимов – “ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу” кылмыш иши козголгон
Икрамжан Илмиянов – “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүудө.
Осмонбек Артыкбаев — “коррупция” беренеси менен камакка алынган

Количество просмотров: 28