Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Орусияда Ростов облусунун губернаторунун орун басары Сергей Сидаштын үйүнөн тинтүү учурунда кол сааттардын топтому табылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, табылган кол сааттардын ичинен эң арзан баадагысы 500 миң рублдан жогору бааланган. Ал эми сааттардын коллекциясынын жалпы суммасы 7 млн сомду түзгөн.
Кошумчалай кетсек, аталган чиновник кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз байыды деп айыпталып тинтүү иштери жүргүзүлгөн.