Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Татиковго спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарганы үчүн 17 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу NewTV каналынын «NewTV Патруль» берүүсүндө айтылат.
Ал эми жарыяланган видеодо аялдын кыйкырып жатканын угууга болот. Ал «Мен масмын, ошол үчүн күйөмдү алып кет деп чакыргам», деп жатканы тартылган. Жана ал тартып жаткан операторду сөгүп, «тизелеп кечирим сурайсың» деп айтканын да угууга болот.