• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тизме көтөргөн аялдар шайлоо тилкелеринин алында турганы боюнча видеолор тароодо

10 Үчтүн айы 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы №5320 шайлоо участогунун алында бир нече аялдар колуна шайлоочулардын тизмесин кармап турушкан. Тасма «Сейчас.kg» телеграмм каналында жарыяланды.

Видеонун автору тизме кармап турган аялдарга «Эмнеге мындай кылып тизме кармап турасыңар? Ар бир шайлоочу өздөрү билип добуш бериши керек да» деп берген суроосуна «өзүм үчүн текшерип жатам деп турабыз» деп жооп берген.

Бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашат же баарына каршы добуш бере алышат.

Количество просмотров: 317