Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмиратына учуп кеткендиги тууралуу маалымат боюнча Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеев өз оюн айтып фейсбук баракчасына билдирүү жазган.
«Атамбаев командасындагылардын түрмөдө олтурганына карабай эс алууга чет жакка чыгып кеткенине түшунбөйм. Мен чыккан соң башкалар да чыкмайынча эч жакка чыккан эмесмин.
Соттук процесстердин алдында Атамбаевдин балдарына ачык болууларын жана болгон нерсени так айтууларын сунуштайм. Атамбаевге силердин керегиңер жок экенин жана андан эч кандай колдоо болбосун көрүп турасыңар»,-деген маалымат калтырган.
