• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өткөн жылга салыштырмалуу 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү

14 Үчтүн айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын январь-декабрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 8,6% артка кетти. Бул тууралуу 14-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов мекеменин баштапкы эсептерине таянуу менен кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн 12 айдагы көрсөткүчү 9% артка кетип, 530 млрд. сом болду.

Жалпы көрсөткүчтүн ичинен курулуш (15,6%), дүң жана чекене соода (16,1%) жана өнөр-жай (6,6% ) артка кетти.

ИДӨ — өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өнүмү алгач 2020-жылга 5% өсөт деп божомолдогон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7 % артка кетет деп расмий эсептелген.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган.

Количество просмотров: 38