• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өткөн жылы Өзбекстанга 518 мигранттын сөөгү жеткирилди

21 Үчтүн айы 2022 11:06 Бишкек Govori.TV

2021-жылы Өзбекстанга чет өлкөлөрдө кайтыш болгон 518 кишинин сөөгү жеткирилди. Тышкы эмгек миграция агенттигинин басма сөз кызматы мигранттардын сөөгү кайсы мамлекеттерден алынып келингенин кабарлаган жок.

Агенттиктин маалыматына караганда, былтыр чет өлкөрдөн турмуштук оор абалда калган 321 өзбек жараны кайтарылган, жарааты оор 17 өзбек мигрантынын медициналык чыгымдары төлөнүп берилген.

Тышкы миграция агенттиги 8 811 өзбек мигрантына юридикалык жардам көрсөтүп, 295 102 адамга кеңеш берген. Дагы 13 424 адам материалдык көмөк алган. 358 эмгек мигранты убактылуу жатаканаларга жайгаштырылган.

Агенттик чет жерде эмгек акысын ала албай жүргөн мигранттарга да жардам берип, жалпысынан 984 миң доллар төлөтүүгө көмөктөшкөнүн ырастоодо.

Количество просмотров: 112