• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркаган

12 Жалган куран 201911:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV.

Өтмөк ашуусунда «МАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-март күнү болжол менен саат 18:53тө болгон.

Жол кырсыгынан айдоочу жабыркап, куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин ал Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага жеткирилген.

Учурда айдоочунун абалы жакшы.

Количество просмотров: 19