Ички иштер министринин орун басары Нурлан Исмаилов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө киргизиле турган чектөөлөр тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, 4-5-6-ноябрь күндөрү Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
Алар:
Ошондой эле ал кошумчалагандай, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммити жана Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары учурунда коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
«Иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорулатылган режимде кызмат өтөйт.
Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жолдордун айрым жерлеринде маал-маалы транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет, буга байланыштуу жарандардан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз»,-деди ал.