Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда сел кол жээгин жууп кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодон сел агындылары көлгө кошулуп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 30-июлда таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.