• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Тоң району: Экс-президент менен азыркы президенттин тирешинен Дамирге саясий куугунтукка кептелди

25 Бугу 2019 11:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.05.2019.Govori.TV.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жүзгө чукул тарапкерлери топтолуп турушат. Чогулгандар Мусакеевге чыккан сотney өкүмүнө нааразы. Айтымдарында, экс-президент менен азыркы президенттин тирешинен Дамирге саясий куугунтук болуп камап салышты. Нааразычылык акциясына чыккандар айдын аягында  чоң митинг өткөрүү жөнүндө сүйлөшүү болуп жактанын айтышууда.  Анда, Дамир Мусакеевдин ишин калыс кароо маселеси көрөлүлөт.

Айта кетсек, 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды.

Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды.

Количество просмотров: 4