Арпачиев Данияр Карагулович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациясынын башчысы – акими болуп болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин Данияр Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Өмүр баяны:
Аты-жөнү: Арпачиев Данияр Карагулович
Туулган жылы: 1974-жыл
Туулган жери: Ак-Суу районунун Каракол айылы
Билими:
1996-жылы Кыргыз айыл чарба академиясын аяктаган.
1996-1998-жылдары Кыргыз агрардык академиясынын аспирантурасы.
Эмгек жолу:
1998-2002-жылдары — Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын башкы адиси;
2000-2002-жылдары— Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын экономика жана салыкты божомолдоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2002-2005-жылдары — Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын экономика жана салыкты божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2005-2008-жылдары — Ак-Суу райондук финансы бөлүм башчысынын биринчи орун басары;
2008-2014-жылдары — Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары;
2014-2016-жылдары — Ак-Суу райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы;