• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Тоң районундагы маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуу зыян келтирилген

28 Жалган куран 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Текшерүүдө, Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын-ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 153