• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият үйүнө бөлүгөн 1,5 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз сарпталган

17 Аяк оона 202416:13 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районунун прокуратурасы тарабынан райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан, мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы менен жеңүүчү болуп табылган, “Ат-Башы Жаштар Курулуш” ЖЧКсы менен 2019-жылдын 13-сентябрында Ат-Башы айылындагы “С.Андабеков” атындагы маданият үйүнүн имаратында 16 млн. 685 миң 234 сомдук капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

“Ат-Башы Жаштар Курулуш” ЖЧКсы 2019-жылдын октябрь айынан баштап 2023-жылдын май айына чейин маданият үйүндө 15 млн. 997 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлгөндүгү туурасында башкармалык тарабынан кабыл алуу актылары түзүлүп, акча каражаттары ЖЧКнын эсебине которулган.

Бирок, башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык табуу максатында аткарылбаган жумуштарга акча которушуп, ошондой эле маданият үйүнө коюлган концерттик отургучтар (кресло), кондиционерлер, жылыткычтар (конвекторлор), насос, суу жылыткычтардын баарысын базар баасынан кымбат баада мыйзамсыз кабыл алышкандыгынын кесепетинен мамлекетке 1 млн 604 миң 259 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аныкталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы РИИБнин тергөө кызматына жиберилди.

Количество просмотров: 136