• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тоң Ыссык-Көлдүн дагы бир видеосу тарады

30 Үчтүн айы 2018 12:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2018.Govori.TV.

Бугун Ысык-Көлдүн жээгин калың муз каптаганы жөнүндө маалымат тарады. Аны Ананьево айылынын тургундары жайгаштырышты. Видеодо жээкти 100 чарчы тоң басып калган.

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көлдүн жээгин калың муз каптаганы жөнүндө маалыматтар тараган. Көлгө жакын жашагандар соцтармактарга байма-бай жазышууда. Айталы, Чоң-Өрүктү айылынын жашоочусу Данияр Муканов айылдаштары мындай музду өмүрү көрбөгөнүн жазат.

“Биздин айылдагы көлгө чукул жерден ысык-суулар чыгат. Ошондуктан, жай-кышы дебей бул жерге дарыланууга сууга түшкөндөр арбын эле. Азыр болсо көлдүн жээгин калың муз каптап калганын көрүп абдан таң калып жатабыз. Биз мындайды эч качан көргөн эмеспиз. Каракол тарапка барсак, ал жакта да көл кадимкидей эле тоңуп калыптыр”-,дейт ал.

Эске сала кетсек, Ысыккөл дүйнөдөгү туздуу көлдөрдүн бири. Андыктан, буга чейин мынчалык суунун тоңгону байкалган эмес. Азыр Көлдө абанын температурасы 25 градус төмөндүккө чейин болууда…

Количество просмотров: 8