• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Точка» каймана аттуу шектүү камакка алынды

8 Бирдин айы 2021 10:51 Бишкек Govori.TV

Токмок шаардык соту ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 45 жаштагы А.Б. аттуу жарандын баш коргоо чарасын карады. Ал СИЗО-1 мекемесинде 2 ай камакта болот, деп билдирди бүгүн, 8-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББдүн криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, анын өздүгү аныкталган. 2021-жылдын 4-февраль күнү Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматы жана ИИМдин “Шумкар”
атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлеринин катышуусунда Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда, жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана аты менен таанымал, крим чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, КР ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат катары белгилеп коюучу жагдай, кармалган жаран буга чейин тоноо, ууроо, опуза талап кылуу жана мыйзамсыз баңги затын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 144