Тогуз-Торонун эли кечээ 11-апрелде жаңы салынып жаткан алтын чайкоочу комбинаттын жабылышын талап кылып митингге чыгышты. Митинг учурунда жергиликтүү тургундар милиция органдарына таш ыргытып, салынып жаткан комбинатты өрттөп жиберишти. Жыйынтыгында үч милиция кызматкери жабыркап, аймактык ооруканага кайрылышкан. Азыркы учурда алардын бирөө бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.