• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Тогуз-Тородо майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат

18 Чын куран 202414:51 Бишкек Govori.TV

Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Реабилитациялык борбор куруу район акими Манас Мураталиев тарабынан демилгеленген. Учурда курулуш долбоору даярдалып, жер бөлүнүп берилди.

Аталган реабилитациялык борбор бардык талаптарга жооп берген шартта салынат. Курулуш иштери июнь айында башталып, жыл аягында пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар 1,5 миңдей жаран бар.

Количество просмотров: 79