• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Тогуз-Тородо тоо текелерди атып өлтүрүшкөн

6 Бештин айы 2018 10:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
  Тогуз-Торо районунда үч баш тоо эчкини атып өлтүрүп, унаасына жүктөп жүргөн жергиликтүү тургундар кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын алуу иштери Тогуз-Торо РИИБ тарабынан 4-декабрда жүргүзүлгөн.

Анын алкагында милиция кызматкерлери Казарман айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү шектүү унааны текшерүүгө алышкан. Анын ичинен 1 даана сайлуу, 1 даана сайсыз ок атуучу курал табылды. Андан сырткары 17 даана ок, атып өлтүрүлгөн 3 баш тоо эчкиси чыккан. Ал эи унаада Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургундары — А.А., Б.Ж. жана Д.Д. болгон.

Бул окуя РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине мыйзамсыз аңчылык катары катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесиндеги 1-бөлүмдүн 3-пунктунун негизинде кылмыш иши козголду.

Булак: Turmush

Количество просмотров: 38