• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Той-аштагы чыгымды азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

23 Теке 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Той-топурларды, мааракелерди тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 22-июлдагы жыйынында биринчи окуудан өттү. Документтин автору — депутат Улукбек Ормонов.

Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлө салтанаттарына жана ырым-жырымдарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулушу шарт.

Маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке салтанаттар, сөөктү көмүү ырым-жырымдары дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин өтөт. Ошондой эле, зыяратчыларды узатуу жана тосууда конок чакырган чоң иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Количество просмотров: 475