• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Той-аштын чыгымын азайтуу долбоору комитетте биринчи окууда өттү

21 Теке 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим саламаттык сактоо комитети 21-июлдагы жыйынында той-топурларды, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алды. Документтин автору, депутат Улукбек Ормонов документтин максаты тууралуу баяндама жасады.

“Жер-жерлерде дин өкүлдөрү менен чогуу элдик демилге кылып өз алдынча чектөөлөрдү киргизип жатышат. Бирок ал кээ бир аймактарда колдоо тапкан жок. Адамдар “бул эмне мыйзам беле?” деп айтышууда. Долбоордун максаты коомдогу теңсиздикке да чек коюу аракети”, — деди депутат.

Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өтөт. Үлпөт той 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аякташы керек. Никеге туруу салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулушу шарт.


Маркумду акыркы сапарга узатууга жана жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Анда бодо мал союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат.

Үлпөт той, маараке салтанаттар, сөөктү көмүү ырым-жырымдары дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин өтөт.

Ошондой эле зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурлары боюнча иш-чаралар үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүлөт. Анда конок чакыруу менен жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.

Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Комитеттин жыйынында той-аштарда союлчу мал-жандыктардын жана ага катышкан адамдардын саны тууралуу бир катар сунуштар берилип, экинчи окууда алар эске алынмай болду.

Количество просмотров: 64