• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тойдо асманга ок аткан жигиттин өздүгү аныкталды

25 Тогуздун айы 2021 14:55 Бишкек Govori.TV

Үйлөнүү тойдо куралдан ок чыгарган жигиттин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, окуя 24-октябрда Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында болгону аныкталган. Ок чыгарган М.И. (1999-жылы туулган) курал атасына тиешелүү экенин, агасынын үйлөнүү тоюнда ок чыгарганын айткан.

Бул факт Жоруктар кодексинин 121-беренеси (калктуу пунктта куралдан ок чыгаруу) менен катталган.

Буга чейин тойдо тартылган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланган. Андан той учурунда үйдүн чатырына чыккан 3 жаш жигиттин бири куралдан асманга карай ок чыгарганын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 243