• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков кызын Жапаровдун уулуна турмушка берди

27 Бештин айы 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

25-декабрда депутат Асылбек Жээнбеков кызын узатып, той өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Жээбековдун кызынын узатуусу Бишкектеги кичи райондордун биринде жайгашкан батиринде өтүп жатат. Ошондой эле, анын батиринен түштөн бери музыка чыгып жатканы, ал эми эшигинин алдында кымбат унаалардын турганы, кире беришинде кароолчулардын кайтарып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун күйөө баласы Максат Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулу. Кыз узатуу тойго Акылбек Жапаров да катышып жатканы, анын кызматтык унаасы үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайда турганы маалымдалды.

Количество просмотров: 1184