Бишкек.22.01.2019.Govori.TV.
Ленин райондук соту айыпталуучу — 1964-жылы туулган Талгатка (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишти карап чыгып, чечим кабыл алды.
Талгат 2018-жылдын 23-сентябрында Бишкектин Ак-Өргө конушундагы той өтүп жаткан үйгө барган. Ал жерден пневматикалык тапанчадан Айсалкынга (ысымы өзгөртүлдү) карата ок чыгарган. Сот отурумунда ал күнөөсүн мойнуна алды.
Ал эми жабырлануучунун айтымында, тойдо бийлеп жаткан учурда катуу үндү уккан. Ага удаа бел тарабы оорутуп чыккан. Окуядан кийин ал ооруканага жеткирилген болчу. Учурда айыпталуучуга карата доосу жок экенин айтты.
Жыйынтыгында сот Талгатты күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Жаза шарттуу деп эсептелип, 2 жыл сыноо мөөнөтү берилди.