• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Тойлордун парады»…

2 Жетинин айы 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Быйылкы жылды президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп атаганы белгилүү. Ага ылайык, алынча иштер аткарылып келе жатат. Жер-жерлерде анын алкагында элетте өнүктүрүү жаатында  анча-мынча  аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтпай кетүүгө болбос.
Ошентсе дагы «бөрк ал десе баш алып», ашыкча кеткен жагдайлар дагы жок эмес. Тактап айтканда, аймактардагы жергиликтүү бийлик башчылары айрыкча акыркы айларда атаандашып маараке менен тойлорду өткөрүүнү өнөкөткө айландырышты. Андай тойлорго борбордогу жетекчилерден «такалуудан тай калбай» катышып, лента кесип, социалдык тармактардын «көркүн» чыгарушууда.
Аз убакыт мурун Лейлек районунун 90 жылдыгы, Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгы белгиленип, ага Өкмөт башчы, эл өкүлдөрү баш болуп катышкан. Ага чейин көл өрөөнүндө бир катар маараке, тойлор өткөрүлгөн эле. Айтор той берген жагынан аймактар жарышып мелдешке катышууда.
Эӊ эле кызыгы, мындай тойлордун катарында так эмес датага белгиленген тойлордун арбын экендиги болууда.
Мындан бир аз убакыт мурун Нарын шаарынын 150 жылдык мааракеси белгиленген эле. Кызыгы, айрымдар бир нече жыл мурун эле аталган шаардын 75 жылдыгы белгиленгенин, кыска убакытта шаардын маараке тоюнун 150 жыл болуп калышына таӊ калып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жүргөн.
Бир нече күн мурун ушундай эле окуя кайталанып, Ноокен районуна архивдик документтер боюнча 83 гана жыл болгондугун, ага карабай аталган райондун 90 жылдыгы белгиленип, вице-премьер Замирбек Аскаров баш болгон Өкмөттүн өкүлдөрү лента кесип майрамдашты. Бул окуя дагы коомчулук тарабынан талкууга алынууда.
Эске салсак,  буга чейин экс-депутат Акылбек Жамангулов өкмөттөн алган маалыматка таянып 2018-жылга мамлекеттик бюджеттен каржылана турган 105 той каралганын мисал келтирген эле.
«Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойго 2 миллион сомдон эле санагылачы? Балыкчынын 120 жылдыгы, Нарындын 150 жылдыгы, Кызыл-Кыянын 120 жылдыгы, Сузактын 100 жылдыгы, Базар-Коргондун 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик бюджеттен, жергиликтүү бюджетен бир топ чыгым талап кылат», — деген депутат.
Ага чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо жана мамлекеттик органдарды түрдүү маараке-тойлорду өткөрүү үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну буюрган. Мындай тыйууларга карабай, жогоруда айткандай аймактарда жарыша тойлор өткөрүлүп, атка минерлер лента кесип, устукан жыйноо менен алек.
Алардын арасында айыл чарба министри Нурбек Мурашев дагы бар. Учурда картөшкө жана башка айыл чарба өсүмдүтөрүнүн басы чыкпай, элетте жашагандар кыйналып жатканы аталган министрди эч ойлонтпой маараке, тойлордо лента кесүү менен алек болуп жүргөнү өкүнүчтүү.
Той жакшы, аны эч ким жокко чыгарбайт, бирок ансыз дагы эл кыйналып, экономика эӊшрилип турганда атка минээрлердин мындай датасы так эмес тойлордун лентасын кесип, иш менен эмес аш менен алек болгондугу дурус эмес. «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын отчетун аш, тойлор менен толтурабызбы?

Количество просмотров: 11