• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токаев «Аманат» партиясынан чыгарын жарыялады

27 Чын куран 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев “Аманат” партиясынын (мурдагы аталышы – Нур Отан) кезексиз съездинде партиядан чыгарын жана төрагалыктан кете турганын жарыялады.

“Бүгүндөн тарта “Аманат” партиясынын төрагалыгынан кетип, партиядан чыгууну чечтим. Бул символикалуу кадам. Буга байланыштуу президенттик шайлоодо ишеним көрөтүп, колдогонуңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем”, — деди Токаев.

Казакстан парламентинин мажилисинин спикери Ерлан Кошанов партиянын жаңы төрагасы болду.

26-апрелде өткөн съездде “Аманат” партиясына “Адал” партиясы да кошулду.

1-мартта Казакстандын парламентинин мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов өлкөнүн башкаруучу “Нур Отан” партиясынын аталышын “Аманат” деп өзгөртүүнү сунуштаган. Ал мындай сунушун партиянын курултайында айтып, анын себебин аталыш биринчи президенттин ысымы менен ассоциация болуп жатканы менен түшүндүргөн. Токаев сунушту колдогон.

Башкаруучу партия 1999-жылы, ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен “Отан” деп түзүлгөн. 2006-жылы “Нур Отан” деп өзгөртүлгөн. Бул казакча “Отандын нуру”, кыргызча “Ата Мекендин нуру” дегенди түшүндүрөрү айтылганы менен оппозициялык күчтөр ал Назарбаевдин атына жалгашып өзгөргөнүн айтып келишкен.

2022-жылдын башына чейин Нурсултан Назарбаев өзү партиянын төрагасы болуп келген. Январдагы окуялардан кийин ал башка ыйгарым укуктары менен чогуу бул кызматты президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Количество просмотров: 76