• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Токаев казак-кыргыз соодасынын көлөмү 2 млрд долларга жеткенин айтты

22 Баш оона 202514:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттер аралык жогорку жыйындын ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2 млрд АКШ долларына жеткенин айтты.

«Кыргызстан Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Бул көрсөткүчтү эселеп көбөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык ынтымакташтык жылдан жылга жакшырып барат. Анын аркасында түрдүү биргелешкен келишимдер ишке ашты. Маданий-гуманитардык байланыштарыбыз да күчөп келатат”, — деди Токаев.

Казакстандын лидери кыргыз-казак эли кыйын кырдаалда бири-бирине көмөкчү болгонун белгилеп, жогорку саясий диалогдун аркасында эки элдин жаңы деңгээлге көтөрүү ниетин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен 21-августта келди. Эки күнгө созулган сапар учурунда кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган.

Количество просмотров: 193