• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Токаев кыргыз-тажик чек арсындагы абал боюнча билдирүү жасады

30 Чын куран 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арсындагы абал боюнча билдирүү жасады.

Казакстан президентинин билдирсунд Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышуулар тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алганы айтылат.

«Кыргыз жана тажик эли биз үчүн боордош болуп саналат, бизди жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турат.

Биздин мамлекеттерге жана элдерге тынчтык, толеранттуулук жана өз ара урматтоо мүнөздүү.

Куралдуу кагылышууну токтотуу жана эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосуда сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайм.

Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери акылмандыгын көрсөтүп, бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чече алышат деп ишенем.

Мен өзүм тарабыман өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга жана өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө аракет кылууга даярмын», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мындай чек ара жаңжалдарын жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу мүмкүн деп эсептей турганын кошумчалады.

29-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышуудан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны 13кө жетти.

Количество просмотров: 917