• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Токаев Кыргызстанга иш сапар менен келет

12 Теке 201914:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга рамий иш сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда эки өлкөнүн премьер-министрлери Аскар Мамин менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуусунда маалым болду.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Учурдагы маселелерди чечүүнү каалайт элем. Бирок эң башкысы — бул мүмкүнчүлүктү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга пландалган визитине маңыздуу колдонуу», — деди.

Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын катарында VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны да бар. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кеңири форматта өтмөкчү.

Количество просмотров: 13