• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токаев мамлекеттик буйрутманын алкагында тарыхый тасмаларды тартууну тапшырма берди

6 Үчтүн айы 2021 13:51 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик органдар менен телеканалдарга мамлекеттик буйрутмалардын бир бөлүгүн милдеттүү түрдө тарыхый темаларды чагылдырууга багыттоо тууралуу тапшырма берди. Бул тууралуу өлкө башчынын Egemen Qazaqstan гезитине жарыяланган макаласында жазылган.

«Албетте каржы маселелери чечилиши керек. Көп акча бөлбөстөн эле сапаттуу, жогорку деңгээлдеги тасма тартса болот. Муну Кыргызстанда «Курманжан датка» деген тасма тартуу менен ачык көрсөтүштү», — деди Токаев.

Президент Казакстандын тарыхында тасма тартууга ылайыктуу көптөгөн окуялар бар экенин жана алар эгемендиктин баалуулугун көрсөтөрүн билдирди. Анын айтымында, булар Семипалатинск полигонундагы өзөктүк сыноолор, «Алаш-Ордо» кыймылынын ишмердүүлүгү, ошондой эле 1921-1922-жылдары болгон ачарчылык.

«1990-жылдан кийин төрөлгөн казакстандыктар эгемендикти эч кандай далилди талап кылбаган аксиома катары кабыл алышат. Бирок эгемендиктин баасы дайыма эсибизде болушу үчүн өсүп келе жаткан муун биздин ага кандай жол менен жеткенибизди билиши керек», — деди Токаев.

«Курманжан датка» – өкмөттүн буйрутмасы менен 70 миллион сомго (1,5 миллион доллар) тартылган Кыргызстандагы толук метраждуу алгачкы тарыхый көркөм тасма. Режиссер Садык Шер-Нияздын бул эмгеги Алматыда көрсөтүлгөндөн кийин казакстандык искусство таануучу Максут Канапиянов «Көчмөндөр» аттуу казак тасмасынын бюджети «Курманжан датканыкынан» 20 эсе көп болгонун белгилеген.

Количество просмотров: 45