Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ташкентке мамлекеттик сапар менен барган кезинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен орток чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту.
Эки өлкөнүн чек арасы 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган.
Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.
Казак лидеринин кеңсеси билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алаканы кеңейтүүнү талкуулап, 15тен ашык келишимге кол коюлду.