• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токаев менен Мирзиёев Жапаровго куттуктоо жолдоду

6 Бештин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — Сиздин Мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы.

Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоосунда.

Мирзиеевдин куттуктоосу: «Сизге туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду жөнөтүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Өлкөнү өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу жолундагы ишмердигиңиз өзгөчө баалоого татыктуу. Биздин өлкөлөр ортосундагы көп кылымдык достуктун жана бир туугандыктын духундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана ар тараптуу байланыштарды акыркы жылдарда сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө Сиздин жеке салымыңызды өзгөчө белгилегим келет.

Кайталангыс Бишкек шаарына боло турган жогорку деңгээлдеги иш сапары, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишилип жаткан маанилүү макулдашуулар бир тууган элдерибиздин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаары талашсыз. Белгилеп кетүүчү нерсе, Сиздин эбегейсиз практикалык аракеттериңиздин жана бекем позицияңыздын аркасы менен Сиздин президент болуп турган мезгилде турмуштук маанилүү чек ара маселелеринин чечилиши — Сиздин күчтүү саясий эркиңизди дагы бир жолу ачык көрсөттү.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Камбар-Ата ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясын куруу сыяктуу ири регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу да ийгиликтүү башталганы бизди өзгөчө кубандырат.

Өз ара урматтоо жана бири-бирин колдоо принциптерине негизделген биздин мамилелерибиз мындан ары да чыңдала берерине ишенем. Учурдан пайдаланып, дагы бир жолу ушул маанилүү күн менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалайм», — деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Количество просмотров: 85