• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токаев Шинжаңга барды

19 Тогуздун айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Кытайда расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 18-октябрда Шинжаңга барды.  

Казакстан президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Үрүмчүдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, «аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин» талкуулайт.

Бул – Токаевдин 2017-жылдан бери саясий лагерлери менен дүйнөгө таанылган Шинжаң аймагына президент иретинде барган алгачкы сапары.

Акордонун маалыматында Токаев Ма Синжуй менен Шинжаңдагы казактардын маселесин талкуулары айтылган эмес.

18-октябрда Токаев Бээжинде “Бир алкак – бир жол” эл аралык кызматташтыктын үчүнчү форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Токаевдин Шинжаңга сапары алдын ала айтылган эмес.

Ма Синжуй мен Токаев быйыл март айында Астанада жолугушкан. Акордо Астанадагы кездешүүдө аймак аралык кызматташтык, транспорт, логистика, айыл чарба жана туризм малселелери талкууланганын гана жазган.

Количество просмотров: 60