• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Токаев соцтармакты жөнгө салууга багытталган талаштуу мыйзамга кол койду

4 Бугу 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

3-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев балдар укугун коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул документке ылайык, бийлик мессенжерлер менен социалдык түйүндөрдү колдонуучулардан балдарга карата кибербуллинг деп таанылган контентти алып таштоону талап кыла алат.

20-апрелде Казакстан парламентинин мажилиси сенат өзгөрткөн жоболорго макул болгон.

Сенат кибербуллингди аныктоо үчүн эксперттик комиссия түзүү жана кибербуллинг деп таанылган материалды алып таштоо маселелерине тактоо киргизген. Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев мыйзам долбоорунан маалымат министрлигинин интернет-ресурстарга, соцтармактар менен мессенжерлерге өз алдынча чектөө коюп, жумушун токтотууга мүмкүндүк берген “кеңири ыйгарым укуктары” жоюлганын айткан.

Медиакоомчулук бул кадам цензуранын дагы бир куралы экенин айтып, мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгууну сунуштаган. Документти кабыл алууга каршы петиция жаряланып, митинг уюштурулган.

Количество просмотров: 147