• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токаевдин Өзбекстанга сапарынын программасы жарыяланды

21 Бештин айы 2022 17:29 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандагы эки күндүк сапарында бир катар иш-чараларга катышат.

Токаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик сапары 21-22-декабрга белгиленген.

Бүгүн, 21-декабрда Токаев «Жаңы Өзбекстан» паркындагы “Эгемендик” монументине гүл коюп, көчөт отургузуу ишине катышат. Кийинки күнү Ташкенттеги «Калдыргач-бий» мавзолейине барат. Ошондой эле Токаев казак акыны Абай Кунанбаедин чыгармачылыгына арналган көргөзмөдө да болот.

Расмий жолугушуу «Ташкент-ситинин» Конгресс-борборунда өтөт.

Мындан тышкары биргелешкен долбоорлорго старт берилет.

Мамлекеттик сапардын аягында эки тараптуу документтерге кол коюп, президенттер журналисттер үчүн кыска брифинг өткөрүшөт.

Ушул тапта Казакстан Өзбекстандын Кытай менен Орусиядан кийинки эле үчүнчү ири соода өнөктөшү болуп эсептелет.

Теги:
Количество просмотров: 97